Бишкек, 23.08.25. /Кабар/. 23-августтан 25-августка чейин Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк тарабы жабылып, бир катар коомдук транспорттордун каттамдары убактылуу өзгөрөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, төмөнкү каттамдар башка көчөлөргө багытталат:
- №10
- №11
- №100
- №162
- №45
- №101
- №35
- №146
- №51
- №227
- №129
- №222
- №25
- №175
Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды түзүлгөн ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууга жана жол тыгындарын алдын алуу үчүн жеке автоунаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат.