Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Мозырская көчөсү, 79Б дарегинде жайгашкан №131 бала бакчанын кошумча имаратынын курулушун улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы корпус 100 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берет. Имаратта балдар жана кызматкерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында лифт орнотуу каралган.
Учурда имараттын темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. Азыркы тапта дубалдарды кыш менен тургузуу жана электр монтаждоо иштери жүрүп жатат.
Курулуш иштерин “Сапат Пром” ЖЧКсы жүргүзүүдө.