Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарында 1200 орундуу мектептин курулушу кызуу жүрүүдө.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Жаңы мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Анда лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы жайгашат.
Мектептин курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Учурда имараттын дубалдары тургузулуп, чатыры жабылууда. Мындан тышкары, ички жасалгалоо иштери комплекстүү жүргүзүлүп, шыбак иштери аяктап калды.
Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин, эки нөөмөттө 2500гө жакын окуучу билим ала алат.