Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Бишкектеги Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2026-жылдын март айында башталган.
Заманбап үлгүдөгү мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Имаратта окуу класстарынан тышкары лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы жайгашкан.
Учурда курулуш иштери толугу менен аяктап, мектепти пайдаланууга даярдоо боюнча акыркы иштер жүргүзүлүүдө.
Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин окуучулар үчүн кошумча орундар түзүлүп, билим берүү инфраструктурасына болгон муктаждыкты азайтууга өбөлгө түзөт.