Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №32 мектептин 250 орундуу жаңы окуу имараты курулуп бүттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери февраль айында башталган.
Учурда жертөлөсү менен эки кабаттуу жаңы имарат толугу менен тургузулуп, зарыл болгон бардык шарттар каралды.
Жалпы аянты 2 200 чарчы метрди түзгөн имарат башталгыч класстын окуучулары үчүн ылайыкташтырылган. Анда заманбап окуу класстары, компьютердик класс, ийримдер үчүн бөлмөлөр жана ашкана каралган.
Курулуш иштеринин жүрүшү Курулуш министрлигине караштуу тиешелүү түзүмдөр тарабынан көзөмөлдөнүп, аткарылган иштердин сапаты жана курулуш ченемдеринин талаптарына шайкештиги текшерилип турду.