Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Таластын Бакай-Ата районунда курулуш талаптарын сактабаган "Проджэк" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган компания Өзгөрүш айылында "Таза-Суу" объектисинде курулуш иштерин жүргузүп жаткан. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш ченемдеринин жана белгиленген талаптардын сакталбагандыгы аныкталган.
Жыйынтыгында тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча эскертүү берилди.