Бишкекте 12 бала бакча жана 3 мектеп карантинге жабылды

Коом Загрузка... 09 Декабрь 2025 11:06
1294774.bab6f65100c1d5ac3e8e25367fe85c07.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. 8-декабрга карата Бишкекте 12 бала бакча жана 3 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бала бакчалар жана мектептер курч респиратордук вирустук инфекцияга жана сасык тумоого байланыштуу жабылды.

Карантинге жабылган бала бакчалар: №72, 45, 3, 181, 42, 25, 59, 126, 94, 34, 87, 7-кичи райондогу 115-филиал,

Мектептер: №115, 94, 116, ошондой эле №37 мектептин бир классы.

Эске салсак, күн мурун 49 бала бакчада карантин аяктап, бөбөктөр кайрадан мектепке чейинки билим берүү мекемесине бара баштады.