Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Коом
Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Бишкекте көчө-жол тармагын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда борбордун бир катар көчөлөрүндө жолдор жана тротуарлар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ирригациялык тармактар орнотулду.

Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Атап айтканда, Клинск, Левонев, Мессарош, Аска-Таш, Широкая, Москва көчөлөрүндө, Жибек Жолу проспектисинде, Алтын-Ордо конушунда, ошондой эле 7-кичи район жана Көк-Жар кичи районунда тиешелүү иштер аткарылды.

Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Мындан тышкары, жолдор менен катар жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жаңыланып, жашыл аймактарды сугарууга шарт түзгөн ирригациялык тармактар курулду.

Көчө-жол инфраструктурасын жаңылоо иштери мындан ары да улантылат.