Бишкекте 11-апрелден тарта 3 жаңы автобус каттамы ишке кирет

Коом Загрузка... 09 Апрель 2025 11:11
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Бишкек шаарында 11-апрелден тарта жаңы №61, №45 жана №35 автобус каттамдары жүрө баштайт. Бул тууралуу мэрия кабарлайт.

Алсак, №61 автобус каттамы «Киркомстром – Көк-Жар» багыты боюнча жүрөт. Бул каттам шаардагы негизги райондорду аралап өтүп, билим берүү жайларына ыңгайлуу жетүүнү камсыз кылат.

Ал эми №45 автобус каттамы айланма схема боюнча уюштурулган: «10-кичирайон – Алыкулов көчөсү – 7-Апрель көчөсү». Бул каттам №35 автобус каттамына карама-каршы багытта жүрөт.

Аталган каттамдарды 12 метрлик заманбап  ISUZU үлгүсүндөгү, газ менен жүргөн жаңы автобустар тейлейт.