Бишкекте №10, 62 мектептерден бомба изделип, эвакуациялоо иштери жүрүүдө

Укук тартиби Загрузка... 09 Декабрь 2025 11:48
7bbd16bb-447b-4403-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 09.12.25 /Кабар/. Бүгүн эртең менен саат 09:40 чамасында Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын "102" кызматына борбор калаадагы №10 жана №62 мектептерде бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маалыматта белгиленгендей, окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө топтору барышкан. Мектеп жетекчилиги жана окуучулар эвакуацияланып, мектептердин айланасы курчоого алынган. Издөө-куткаруучу иттери бар кинологдор да нөөмөттө.

Бишкек ШИИББи террордук чабуулдар же жардыруучу түзүлүштөр жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо кылмыш жазасы, анын ичинде эркинен ажыратуу менен жазалана турганын эскертет.

Буга чейин да ушундай фактылар боюнча жарандар сот жообуна тартылган.

Учурда тергөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.