Бишкекте 1-марттан тарта үч автобустун каттамы өзгөрөт

Коом Загрузка... 27 Февраль 2025 13:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Бишкекте 1-марттан тарта айрым автобустук каттамдардын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр транспорт кызматтарын жакшыртууга, жол жүрүү убактысын кыскартууга жана жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.

Ошентип, буга чейин Сарбан айылы – Ак-Бата конушу  боюнча каттаган №23 маршруттук каттам акыркы аялдамасын өзгөртөт. Ак-Бата конушунун  ордуна автобус эми Алтын-Казык конушуна чейин барат. Кошумчалай кетсек, Курманалиев көчөсүндөгү кыймыл Кыргызстан көчөсүндөгү кыймылга алмаштырылып, эми каттам Сарбан айылы – Алтын-Казык конушу  боюнча каттайт.

Буга чейин Алтын-Казык конушу– Поле Чудес конушу маршруту боюнча каттап келген №17  каттамдын  акыркы аялдамасы  алмаштырылат. Алтын-Казык конушунун ордуна автобус эми Красный строитель конушуна чейин барат.

№17Т маршруту №77 деп өзгөртүлдү, себеби жүргүнчүлөр №17 жана №17Т каттамдарынын жүрүү схемаларын алмаштырып жатышат. Мурда №17Т каттамы "Булгаары” заводу – 12-кичирайон" багытында жүргөн.  Эми бул каттам Курманалиев көчөсү аркылуу Ак-Бата конушуна чейин узартылып, №77 деген номер менен Ак-Бата конушу – Булгаары заводу – 12-кичирайону  жаңы багытында жүрөт.