Бишкекте №1 автобустун багыты өзгөртүлдү

Коом 2 сентябрь 2025 09:20
WhatsApp Image 2025-09-02 at 08.55.45.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-02 at 08.54.19.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-02 at 08.55.45.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-02 at 08.54.19.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тейлеген №1 автобустун каттамы 2-сентябрдан баштап өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин автобус Жусуп Абдрахманов көчөсү менен Ала-Арча жаратылыш паркына чейин каттачу.

Эми шаар тургундарынын жана ага чектеш райондордун тургундарынын кайрылууларынын негизинде каттам Ахунбаев, Жукеев- Пудовкин, А.Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрү аркылуу жүрөт.