Бишкекке ШКУнун ЖМК жана аналитикалык борборлор форумунун катышуучулары келүүдө

Коом Жүктөлүүдө... 26 Июль 2026 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарына Шанхай кызматташтык уюмунун жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борборлор форумуна катышуу үчүн чет өлкөлүк делегациялар келе баштады.

Катышуучулардын алгачкылары Бишкек шаарына бүгүн түнү келишти.

Форумга ШКУга мүчө мамлекеттерден, байкоочу өлкөлөрдөн жана диалог боюнча өнөктөш мамлекеттерден келген жалпы 26га жакын өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын, аналитикалык борборлордун жана тиешелүү уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Форумдун негизги иш-чаралары 27-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары менен аналитикалык борборлордун өз ара байланышын чыңдоо, ошондой эле дүйнөлүк медиа мейкиндиктин өнүгүүсүндөгү заманбап тенденциялар тууралуу пикир алышат.

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги жана Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги форумдун уюштуруучулары болуп саналат.