Бишкекке Кытайдын коомдук коопсуздук министри келди

Коом 19 май 2026 14:40
1.jpg
703076191_1379744727507858_1663047213811612338_n.jpg
703336971_1379744734174524_2169068089042748109_n.jpg
703455806_1379744917507839_2947013418995710681_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
703076191_1379744727507858_1663047213811612338_n.jpg
703336971_1379744734174524_2169068089042748109_n.jpg
703455806_1379744917507839_2947013418995710681_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Бүгүн Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун баштаган делегациясы расмий сапар менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Сапардын алкагында Кытай делегациясы менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.

Сапардын жүрүшүндө тараптар укук коргоо тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын маселелерин, ошондой эле ведомстволор аралык мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.