Бишкекке айдоочуларды даярдоо үчүн Кытайдан эки электробус келе жатат

Коом Загрузка... 28 Март 2025 15:50
IMG_3829.png
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Anhui Ankai Automobile Co. Ltd. компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Бишкекке эки электробус келе жатат.

Мэриядан билдиришкендей, учурда электробустар Торугарт өтмөгүндө турат. Бажы иш кагаздары даяр болгондон кийин Бишкекке алынып келип, терминалга түшүрүлөт.

Электробустар айдоочуларды окутуу жана даярдоо, ошондой эле жаңы транспорттук технологияларды көрсөтүү үчүн арналган.

Алардын негизги партиясы БШТ МИнин №4 жана №5 базаларынмодернизациялоо аяктагандан кийин алынып келинет.

Долбоорду ишке ашыруу Бишкектеги экологиялык таза коомдук транспортту өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана жүргүнчү ташуулардын сапатын жогорулатууга багытталган.

Азия өнүктүрүү банкынын “Шаар транспортун электрлештирүү” долбоорунун алкагында борбор калаага  жалпысынан 120 электробуска келишим түзүлгөн, аларбы июнь айларынын аягында алып келүү күтүлүүдө.