Бишкекте электробустар үчүн кубаттоочу жабдуулар орнотулган жайлар даярдалууда

Коом 833 09 Апрель 2025 10:31
1744120873.max-1920x1080.format-webp.webp
1744120900.max-1920x1080.format-webp.webp
1744120903.max-1920x1080.format-webp.webp
1744120913.max-1920x1080.format-webp.webp
1744120876.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Бишкекте эки ДЕПОдо электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоо иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, азыркы учурда Бишкек троллейбус башкармалыгынын аймагы жаңы электробустарды жайгаштыруу үчүн кайра даярдалып, ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 аймагы автобустар үчүн токтотуучу жайга ылайыкташтырылып, заманбап электр кубаттоочу жабдуулар орнотулууда.

Буга чейин айдоочуларды үйрөтүү жана даярдоо максатында шаарга эки электробус келген.

Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоорго ылайык, Бишкекке 120 даана электробустун келүүсү күтүлүүдө.