Жакында Талас шаарына 30 электробус алынат – Эрмат Жумаев

Аймак 574 18 Май 2026 09:30
702746225_2187823628727666_6812306767783399217_n.jpg
701488305_2187823705394325_5357529727537440605_n.jpg
701582437_2187823672060995_8375188396831479424_n.jpg
700325352_2187823648727664_9192060412747964752_n.jpg
701538046_2187823725394323_7035579487076148275_n.jpg
Алдыга
Артка
702746225_2187823628727666_6812306767783399217_n.jpg
701488305_2187823705394325_5357529727537440605_n.jpg
701582437_2187823672060995_8375188396831479424_n.jpg
700325352_2187823648727664_9192060412747964752_n.jpg
701538046_2187823725394323_7035579487076148275_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Жакында Талас шаарына 30 жаңы электробус сатылып алынат. Бул тууралуу облус жетекчиси Эрмат Жумаев социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Талас шаарынын ичиндеги жана аймактардагы тургундарды сапаттуу коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында "Yutong" компаниясынын автобустары алынат.

Облус башчысы белгилегендей, электробустарды лизинг жолу менен сатып алууга президент Садыр Жапаров тарабынан 180 млн сом каражат бөлүндү.

“Yutong” компаниясынын электробустары толук кубатталгандан кийин 200 чакырымга чейин тынымсыз жүрө алат. Компаниянын электробусун командабыз менен тест-драйвдан өткөрүп, жүрүү мүмкүнчүлүгүн, сапатын жана техникалык өзгөчөлүктөрүн жакындан көрүп чыктык. Электробустардын ыңгайлуулугу, кубаттуулугу жана заманбап шарттары бизге абдан жакты. Жакынкы күндөрү тиешелүү келишим түзүлүп, эки айдын ичинде 30 электробус Талас облусуна жеткирилет. Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата жаңы электробустар президент тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылат”, - деп жазды Эрмат Жумаев.