“Манас” аэропорту Душанбеден келген биринчи авиакаттамды кабыл алды – видео

Коом Загрузка... 14 Март 2025 13:31
copyright icon www

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. "Сомон Эйр" авиакомпаниясынын Душанбеден чыккан каттамы "Манас" эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду. Учакты салт боюнча суу аркасы менен тосуп алышты.

Эске салсак, кечээ Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекте Душанбе-Бишкек-Душанбе багыты боюнча авиакаттамдар 14-марттан тарта жанданарын билдирген.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында тараптар эки өлкө ортосундагы Мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюшту.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы эки көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышы болду.