Эртеңден тарта Душанбе-Бишкек-Душанбе аба каттамы ишке кирет

Саясат Загрузка... 13 Март 2025 14:08
l-IzI4qUaFePFudAExN.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Душанбе-Бишкек-Душанбе багыты боюнча аба каттамдары эртең жанданат. Бул тууралуу “Ынтымак Ордодо” Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон билдирди.

Аба каттамдарын ачуу чечими өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү дагы бир кадам болду.

Расмий программанын алкагында ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасы боюнча келишимге кол коюшту.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы эки өткөрүү пунктунун ачылышы болду.