Бишкекке Чыгыш Казакстан облустук драма театры гастролдоп келет

Маданият Загрузка... 17 Февраль 2026 17:40
WhatsApp Image 2026-02-17 at 16.45.04.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. 3-4-апрель күндөрү Бишкек шаарына Усть-Каменогорск шаарындагы Чыгыш Казакстан облустук драма жана оперетта театры гастролдук сапары менен келет. Бул тууралуу Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры билдирди.

Казак актерлору аталган театрдын сахнасында үч спектаклин тартуулашат.

“Три поросенка” (С. Михалков) – 3-4-апрель, саат 11:00;

“Тартюф, или Обманщик” (Ж.Мольер) – 3-апрель, саат 19:00;

“Женитьба” (Н.Гоголь) – 4-апрель, саат 19:00.

Билеттерди театрдын кассасынан жана расмий сайтынан сатып алууга болот.

Дареги: К.Тыныстанова көчөсү, 122.