Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Бишкек – Кара-Балта жолу - Кыргызстандын батыш бөлүгүндөгү ири жана стратегиялык мааниге ээ болгон транспорттук долбоорлордун бири. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол инженери Нурмат Калмурзаев билдирди.

Анын айтымында, долбоор Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып, ага жалпысынан 92 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Анын ичинен 68,5 млн доллар насыя, ал эми 9,5 млн доллар грант түрүндө берилген.

“Долбоор 2017-жылы башталып, бирок курулуш иштери негизинен 2022-жылы гана жүрө баштады. Жаңы жол 1Б категориясында болуп, алты тилкелүү жана 11,5 тоннага чейинки жүктү көтөрүүгө ылайыкталган. Жолдун 85 пайызы калктуу конуштар аркылуу өткөндүктөн, кеңейтүү иштеринде кыйынчылыктар жаралды. Өзгөчө, жергиликтүү тургундарды көчүрүү жана турак жайларды сатып алуу көп убакытты талап кылды. Бул Азия өнүктүрүү банкынын саясатына ылайык, сөзсүз аткарыла турган шарттардын бири болчу”, - деди Калмурзаев.

Калмурзаев белгилегендей, мындан тышкары жер алдындагы коммуникациялар да кошумча көйгөйлөрдү жараткан. Курулуш иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп, жол тилкеси эки бөлүккө бөлүнгөн.

“Долбоордун алкагында жети эски жөө өтмөк жаңыланып, алты жаңы жөө өтмөк курулду. Жол ишке берилгенден кийин, транспорт агымы дээрлик эки эсеге көбөйдү. Курулуш иштерин Кытайдын China Railway компаниясы аткарган. Баштапкы кепилдик мөөнөтү бир жыл деп көрсөтүлгөн, бирок кийинчерээк ал беш жылга узартылган. Бирок, Бишкек – Кара-Балта жолунун бул бөлүгү узартылган кепилдикке кирген эмес. Жол 2024-жылы толугу менен пайдаланууга берилди. Учурда аныкталган айрым кемчиликтерди жоюу иштери өкмөт тарабынан улантылууда”,- деп кошумчалады Калмурзаев.