Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Бишкек жылуулук электр борбору Жаңы жыл майрамдарына байланыштуу күчөтүлгөн иштөө режимине өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, жылытуу жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн электр станциясынын авариялык бригадалары күнү-түнү даярдыкта турат.
Ошондой эле негизги жана көмөкчү жабдууларды көзөмөлдөө күчөтүлдү, жооптуу адистер нөөмөткө коюлду.
Бишкек ЖЭБи майрам күндөрү борбор калааны туруктуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканы айтылды.