Бишкек ЖЭБге көмүр ташылып келе баштады

Коом Загрузка... 15 Август 2025 13:36
77_UvWsAdT.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.08.25. /Кабар/. Күн мурун "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Балыкчы шаарындагы автоколоннасы Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келүү үчүн Кара-Кече көмүр кенине жөнөп кетти. Бул тууралуу

Кыргыздын салтына ылайык, аксакалдар батасын берип колоннаны көмүр кенине жөнөтүштү. Учурда техника Кара-Кечедеги унаа токтоочу жайга келип, жүктөө иштерин баштоого даярдык көрүшүүдө.

Республиканын кендеринен көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу Бишкек ЖЭБин алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине өз убагында даярдоого жана борбор калаанын жашоочуларын туруктуу жылуулук менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы өлкөнүн отун-энергетикалык коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик милдеттерди аткарууну улантууда.