Бишкек ЖЭБдин 65 жылдыгы белгиленди

Коом 14 сентябрь 2026 17:00
1789374894.jpeg
1789374584 (1).jpeg
1789375028.jpeg
1789375012.jpeg
1789375000.jpeg
1789374980.jpeg
1789374929.jpeg
1789374913.jpeg
1789374882.jpeg
1789375480.jpeg
1789374850.jpeg
1789374820.jpeg
1789374802.jpeg
1789374791.jpeg
1789374753 (1).jpeg
1789374730.jpeg
1789375460.jpeg
1789374660.jpeg
1789374646.jpeg
1789374633.jpeg
1789374621.jpeg
1789374584.jpeg
1789374572.jpeg
1789374557.jpeg
1789374546.jpeg
1789374534.jpeg
1789374492.jpeg
Алдыга
Артка
1789374894.jpeg
1789374584 (1).jpeg
1789375028.jpeg
1789375012.jpeg
1789375000.jpeg
1789374980.jpeg
1789374929.jpeg
1789374913.jpeg
1789374882.jpeg
1789375480.jpeg
1789374850.jpeg
1789374820.jpeg
1789374802.jpeg
1789374791.jpeg
1789374753 (1).jpeg
1789374730.jpeg
1789375460.jpeg
1789374660.jpeg
1789374646.jpeg
1789374633.jpeg
1789374621.jpeg
1789374584.jpeg
1789374572.jpeg
1789374557.jpeg
1789374546.jpeg
1789374534.jpeg
1789374492.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Шаардык мэриясда Бишкек жылуулук электр борборунун 65 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө ЖЭБдин эмгек жамаатына жана ишкананын ардагерлерине куттуктоо сөздөрү айтылды.
Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев куттуктады.

Ал Бишкек ЖЭБдин борбор калааны жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуудагы маанилүү ролун белгилеп, ишкананын бир нече муундан турган кызматкерлеринин шаардын өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгиледи.

"Бүгүн биз ишкананын жөн гана мааракесин белгилеп жаткан жокпуз. Бул – 65 жылдык кесипкөйлүктүн, жоопкерчиликтин жана өз ишине берилгендиктин тарыхы. Бишкек ЖЭБи борбор калаанын энергетикалык инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Анын туруктуу ишинин артында шаарды ондогон жылдар бою жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылып келген миңдеген адистердин жана ардагерлердин эмгеги турат", – деп белгиледи мэрдин биринчи орун басары.

Кубанычбек Иманалиев ЖЭБдин эмгек жамаатына жана ардагерлерине кесипкөйлүгү, көп жылдык ак ниет эмгеги жана энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чарада станциянын борбор калааны жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуудагы маанилүү ролу, ошондой эле энергетиктердин бир нече муунунун ишкананын өнүгүшүнө кошкон салымы белгиленди.

Станциянын жабдууларынын үзгүлтүксүз иштешин жана шаарды ишенимдүү энергия менен  камсыз кылган кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Мааракенин  алкагында Бишкек ЖЭБдин ардагерлери жана мыкты кызматкерлери сыйланды. Көп жылдык ак ниет эмгеги, кесипкөйлүгү жана энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн кызматкерлерге ыраазычылык каттары, Ардак грамоталар, төш белгилер, ошондой эле кол сааттары тапшырылды.