"Бишкек жашыл курулуш" ишканасы жумушка чакырат

Коом Загрузка... 15 Июль 2025 18:00
1752579198_large.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы кызматкерлерди туруктуу жана сезондук жумуштарга чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкана ошондой эле бир катар багыттар боюнча кадрдык резервди түзүүдө.

Бош орундар:
- көрктөндүрүү кызматкерлери - 241 адам;
- айдоочулар - 34 адам;
- бригадир — 1 адам.

Кадрлардын резервине төмөнкү кызматтарга кабыл алуу жүргүзүлөт:
- жашылдандыруучулар;
- парктын жетекчилери.

Арыз берүү үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- паспорттун көчүрмөсү;
- медициналык маалымкат (форма 086);
- айдоочуларга - 0,83 формасындагы медициналык маалымкат;
- эмгек китепчеси;
- аскердик билет (эгерде бар болсо);
- өздүк эсепке алуу баракчасы;
- 1 сүрөт (3х4 форматында).

Толук маалымат алуу үчүн Бишкек ш., Ташкент көчөсү, 17., же 37-53-32 телефон номери аркылуу кайрылсаңыздар  болот. Иш убактысы 08:00дөн 16:00гө чейин.