Бишкек жарыксыз калды. Энергетика министрлиги авариялык абалды тастыктады

Коом Загрузка... 18 Июнь 2025 15:50
WhatsApp Image 2025-06-18 at 15.37.17.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Энергетика министрлиги Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда электр энергиясынын массалык түрдө өчүрүлгөнүн тастыктады.

Ведомстводон билдиришкендей, адистер авариянын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иш алып барууда. Учурда электр энергиясы калыбына келтирилди.

Министрлик жарандарды сабырдуулукка, такталбаган маалыматты таратпоого чакырып, такталган маалыматтар жакынкы аралыкта берилерин билдирди.