Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Москвада Бишкек шаарынын мэриясы менен Москва өкмөтү шаарды башкарууну санариптештирүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, документ эки шаардын ортосунда тажрыйба алмашууга, инновациялык чечимдерди киргизүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Меморандумдун максаты шаарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.
Меморандумга «Булуттуу шаарлар: БРИКС шаарларынын келечеги боюнча форумдун» алкагында кол коюлду. Форумда катышуучулар турак жай-коммуналдык чарбадагы заманбап IT чечимдерди талкуулашты.
Кызматташуунун алкагында тараптар консультацияларды, семинарларды жана конференцияларды өткөрүп, эки борбордун тиешелүү уюмдары менен бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоону макулдашты.
Бул өнөктөштүк «акылдуу шаар» инфраструктурасын жана туруктуу санариптик прогрессти өнүктүрүүгө негиз болот деп күтүлүүдө.