Бишкек жана Чүйдө бир кап көмүр 250 сомдон ашпашы керек – Кайрат Маматов

Экономика Загрузка... 28 Октябрь 2025 16:02
22.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир кап көмүр 250 сомдон ашпоого тийиш. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде "Кыргызкөмүр" ААКтын директору Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте жана Чүй облусунда 48 социалдык отун базасы ачылган. Ал жерде көмүр тонна менен жана капка салынып сатылууда.

"Былтыр алып-сатуу менен алектенген айрым жарандар көмүрдү кап менен 350 сомдон сатып жатышканын көрдүк. Натыйжада, кап менен сатылган бир тонна көмүрдүн баасы 10 миң сомго чейин жетип жаткан. Буга байланыштуу биз бул социалдык отун базаларына кап менен сатууну да киргиздик. Каптын өзүнүн баасы 12 сомдун тегерегинде, ага кошумча көмүрдү каптарга салган жумушчунун чыгымдары бар. Жалпысынан бир кап көмүрдүн баасы 250 сомдон ашпоого тийиш", - деп түшүндүрдү Маматов.

"Кыргызкөмүрдүн" башчысы борбор калаанын мэриясын шаарда социалдык отун базаларын ачууга чакырганын белгиледи, анткени шаардын чет жакаларында жашаган жарандарга бир тонна көмүрдү борбордон ташып баруу кымбатка турууда.