Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

Коом Загрузка... 30 Август 2025 11:40
IMG_5553.jpeg
copyright icon Www

Бишкек,30.08.25./Кабар/. Жакынкы бир саат ичинде Бишкек шаарында жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат ичинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетиши мүмкүн.

ӨКМ калкты коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Катуу шамал учурунда көрнөк-жарнактардан, бак-дарактардан жана электр чубалгыларынан алыс болуп, коопсуз жайларда болуу зарыл.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 номуруна чалуу керек. Кызмат күнү-түнү акысыз иштейт.