Бишкек жана Чүйдө 62 га айдоо жери мамлекетке кайтарылды

Коом Загрузка... 30 Июнь 2025 17:57
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан бир катар жер тилкелер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын М.Горький жана Ф.Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жалпы аянты 4,7 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке өткөрүлдү.

Муну менен катар Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 57,3 гектар жер тилкелери мамлекетке алынды.

"УКМК мыйзамсыз өткөрүлүп, менчиктештирилип кеткен айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жана социалдык объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштерди улантууда",-деп айтылат маалыматта.