Бишкек, 19.10.25. /Кабар/. Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда каршы тилкеге чыккан айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жолдо каршы тилкеге чыгып, башка унааларга коркунуч жараткан автоунаанын видеосу социалдык тармактарда тараган.
Бул факты боюнча башкармалыктын издөө бөлүмү тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, эрежени одоно бузган унаа табылды.
Айдоочусуна Укук бузуулар кодексине ылайык, 15 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Мындан тышкары, ага жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана мындай аракеттерди кайталоого жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
ЖКККББ коомчулукту жол эрежелерин так сактоого чакырып, мыйзам бузууларга каршы туруу аракеттери мындан ары да улантыларын баса белгиледи.