Бишкек шаарынын бюджети өткөн жылы 36 млрд сомдон ашты – мэр

Экономика 25 март 2025 16:28
Бишкек шаарынын бюджети өткөн жылы 36 млрд сомдон ашты – мэр
copyright icon Султан Досалиев

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын бюджети 2024-жылы 36,5 млрд сомго жетти. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Джунушалиев президенттин кабыл алуусунда билдирди.

Анын айтымында, бул мурдагы мезгилдин көрсөткүчүнөн 1,7 эсе көп.

“Жалпы суммасы 1 млрд АКШ долларынан ашкан инвестициялык келишимдер түзүлдү”, - деди Жунушалиев.

Андан тышкары, калаа башчысы инфратүзүм тармагындагы долбоорлор, анын ичинде жалпы инвестициянын көлөмү 3,1 млрд долларды түзгөн турак жай комплексин куруу жөнүндө да айтып берди.