«Бишкек шаардык транспорт» ишканасына 5 жаңы кызматтык унаа берилди

Коом 1355 25 Март 2025 16:39
486513800_1088607649981755_8318107767904101268_n.jpg
486799045_1088607696648417_424422333507604833_n.jpg
486466816_1088607719981748_4410566780625861875_n.jpg
486544752_1088607656648421_2210494717583408365_n.jpg
Алдыга
Артка
486513800_1088607649981755_8318107767904101268_n.jpg
486799045_1088607696648417_424422333507604833_n.jpg
486466816_1088607719981748_4410566780625861875_n.jpg
486544752_1088607656648421_2210494717583408365_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Бүгүн, шаар мэри Айбек Жунушалиев «Бишкек шаардык транспорт» ишканасына Chevrolet Cobalt маркасындагы беш жаңы кызматтык унааны тапшырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы унаалар «Бишкек шаардык транспорт» МИнин чарбалык ишмердүүлүгүнүн эсебинен сатылып алынып, жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Кызматтык унаалар атайын техникалык жабдуулар менен камсыздалып, коомдук транспорттун жол кыймылын оперативдүү жана сапаттуу көзөмөлдөөгө, ошондой эле коомдук транспорттун кыймылын жөнгө салууга жана шаар жолдорунда коопсуздукту камсыздоого жардам берет.

"Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана борбор калаадагы коомдук транспортко көзөмөлдү жакшыртуу иштерин улантууда",-деп айтылат маалыматта.