"Бишкек шаардык транспорт" ишканасы ишке чакырат

Коом Загрузка... 28 Июль 2025 16:35
1753696791_large.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы бош орундарга жумушчуларды кабыл алууну жарыялайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жумушчуларды кабыл алуу кадрлар резервин толуктоо жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

Ачык вакансиялар:
• IT бөлүмүнө адис – 1 орун
• Атайын техника айдоочусу (категориялар: D, E, C) – 4 орун
• Күзөтчүлөр – 8 орун
• Оңдоочулар (ремонтчулар) – 10 орун
• Короо тазалоочу – 1 орун
• Автобус айдоочулары – 500 орун

Эгерде сиз ушул тармакта иштөөгө кызыкдар болсоңуз же кеңири маалымат алгыңыз келсе, төмөнкү номерге байланышыңыз:
📞 0770 25 93 39

Ишкананын дареги:
📍 Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсү, 4/1Б.