Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясына 6 айдын ичинде 3 миң 418 жарандан расмий кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу маалымат Бишкек мэриясынын 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган коллегиясынын отурумунда белгилүү болду.
Маалымдалгандай, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу же 504 кайрылууга көп.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкек мэриясында документ жүгүртүүнүн көлөмү 62 миң 863 документти түзүп, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 11 миң 645 документке көп болгондугун мэриянын уюштуруу-көзөмөлдөө иштери башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбеков отурумдагы өз баяндамасында билдирди.
“Өз милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагындыгы үчүн быйыл биринчи жарым жылдыкта жалпысынан 146 кызматкерге карата тартиптик чаралар колдонулган.
Мындан тышкары 96 кызматкерди ротациялоо жүргүзүлгөн болсо, 105 кызматкер ээлеген кызмат ордунан бошотулган”,- деди Акматбеков.
Ал эми шаар мэри Айбек Жунушалиев “Менин шаарым” тиркемесинде жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү да өзгөчө көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи.
“Биз бул тиркемени иштеп чыгып, шаардык кызматтардын жоопкерчилигин күчөтүшүбүз керек”, - деп белгиледи шаар башчысы.
Мында жумушчу топ түзүү жана жарандардын кайрылууларына болгон жоопторду талдоо жана мыйзам бузуулар катталган учурда тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.