Шаардык кеңешке Конгантиев менен Абировдун ордуна жаңы депутаттар келди

Шайлоо Загрузка... 12 Декабрь 2025 13:31
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйында Бишкек, Аламүдүн, Панфилов, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештериндеги кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү чечимдерин бекитти.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

  • Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Конгантиев Кубнычбек Камбаралыевичтин ыйгарым укугу анын арызынын негизинде токтотулуп, мандат саясий партиянын тизмесиндеги кийинки талапкер Мамырканов Бекзат Тынчылыковичке өткөрүлүп берилди.
  • Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укугу токтотулуп, мандат Дунканаев Айбек Медетбековичке өткөрүлдү.
  • Аламүдүн районунун С. Чокморов айылдык кеңешинин депутаты Роговская Мария Олеговнанын ыйгарым укугу токтотулуп, мандат Бекботоева Гүлнара Раимкуловнага берилди.
  • Аламүдүн районунун Достук айылдык кеңешинин депутаты Айтиев Темирлан Тыныбековичтин ыйгарым укугу токтотулду.
  • Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Исаков Жоодар Тологоновичтин ыйгарым укугу токтотулуп, мандат Абдрасулова Венера Майрамбековнага берилди.
  • Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Аматов Жаныбек Женишбековичтин ыйгарым укугу токтотулуп, мандат Заиров Хасан Калиловичке берилди.
  • Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Набиев Назарбек Раимбековичтин ыйгарым укугу токтотулуп, мандат Исабеков Бекмырза Нурдиновичке өткөрүлдү.
  • Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Халбеков Абдилазиз Асановичтин ыйгарым укугу токтотулуп, мандат Жумагулов Талантбек Абдыкуловичке берилди.
  • Ноокен районунун Д. Садырбаев айылдык кеңешинин депутаты Исманов Ысакбек Полотбековичтин ыйгарым укугу токтотулду.
  • Ноокен районунун Д. Садырбаев айылдык кеңешинин талапкери Дубанаева Токтокан Тешебаевна жеке арызынын негизинде тизмеден чыгарылды.