Бишкек саммити: Дүйнө саясатына таасир эте турган кадамдар камтылды

Аналитика 2 сентябрь 2026 13:35
Бишкек саммити: Дүйнө саясатына таасир эте турган кадамдар камтылды

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек Азиянын борборундагы жаңы дипломатиялык аянт катары өзүн татыктуу көрсөтө алды. Дүйнөнүн экономикалык, саясий, аскердик жактан кубаттуу өлкөлөрү Кыргызстанда жолугушту. ШКУнун саммитинин чечимдери жана уюмдун алкагындагы билдирүүлөр эл аралык эксперттер тарабынан кызуу талдоого алына баштады. Анткени аларда дүйнөнүн күн тартибиндеги өлкө лидерлеринин кескин позициялары, алдыдагы божомолдуу аракеттери, бири-бири менен болгон мамилелериндеги өзгөчөлүктөр, деги эле дүйнө саясатына таасир эте турган кадамдар камтылып турат. Ошол эле убакта ири державалар менен катар өнөктөш өлкөлөрдүн жана БУУнун башкы катчысынын катышуусу ШКУнун таасир чөйрөсү кеңейип жатканын көрсөттү. Ал эми саммитте кабыл алынган чечимдер коопсуздук, экономика, транспорт, энергетика жана жаңы технологиялар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө багыт алды.

Бишкекте жаңы салынган “Ырыс Ордо” жыйындар комплекси күн бою бүткүл дүйнөнүн назарында турду. Күтүлгөндөй эле дүйнөлүк, эл аралык жогорку даражалуу расмий меймандарды конгресс-борбор заманбап бардык шарттары менен тосуп алды. ШКУ саммити, ШКУ+ жыйыны, лидерлер арасындагы эки тараптуу ондогон сүйлөшүүлөр үчүн мейкиндиктер түзүлүп, иш-чаралар ишенимдүү өттү.

Күндүн биринчи жарымында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити болду. Айтмакчы, Бишкек саммити ШКУнун 25 жылдыгына арналган мааракелик жылдын негизги иш-чарасы жана Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын жыйынтыгы десе болот.

Анда лидерлер 28 документке кол коюшту. Эң оболу ШКУнун 25 жылдыгы боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынды. Анда ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык жана аймактык маселелер боюнча макулдашылган позициялары, уюмдун негизги принциптери кайрадан ырасталган. Эми аларды мындан ары өнүктүрүү иши турат.

Дагы бир жагдай, Бишкектеги саммитте ШКУда институционалдык реформа жүрөрү белгилүү болду. Бул кызматташтыктын натыйжалуу, туруктуу жана ийкемдүү болуу зарылчылыгынан келип чыккан. Мындан сырткары, коопсуздукту чыңдоо үчүн Ташкенттеги ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук көйгөйлөрүнө жана коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борбордун жана Душанбедеги ШКУнун баңгизатка каршы борборунун ишмердүүлүгү боюнча жобо бекитилди. Ал эми Бишкекте Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору түзүлөт.

Натыйжалардын башында албетте соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү турат. Мамлекеттер өнөр жай кызматташтыгын, транспорттук байланышты, жеткирүү чынжырларын жана санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Ошондой эле ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча иштин күчөтүлүшү керектиги белгиленди. Ал ШКУ аймагында ири инфраструктуралык, транспорттук жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Соңунда ШКУнун Африка биримдиги менен кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланыштуу өзүнчө чечим кабыл алынды жана Кыргызстан төрагалыкты Пакистанга өткөрүп берди.

Күндүн экинчи жарымында “Ырыс Ордо” "ШКУ плюс" жыйынынын катышуучуларын тосуп алды. "ШКУ плюс" күтүлгөндөй эле бир катар билдирүүлөр менен коштолду. Белгилей кетүүчү жагдай, жыйында "БУУ адилеттүү дүйнөлүк тартиптин негизги элементи катары: ШКУга кошулган мамлекеттердин көп полярдуу дүйнөнүн калыптанышына кошкон салымы" багытында лидерлердин БУУ боюнча ойлору жана сунуштары айтылды. Ошондой эле транспорттук-логистикалык, соода, каржы маселелери көтөрүлдү.

Президент Садыр Жапаров аталган эл аралык уюмдун жана анын Коопсуздук кеңешинин реформасын колдой турганын белгиледи.

“БУУ – бул идеалдуу механизм эмес. Бирок, учурдагы кемчиликтер уюмдун ролун алсыратууга же аны айланып өтүүгө себеп болбошу керек. Тескерисинче, алар БУУну чыңдоо, анын натыйжалуулугун жогорулатуу жана механизмдерин заманбап реалдуулукка ылайык жакшыртуу үчүн биргелешип иштөөнүн маанилүүлүгүн көрсөтүп турат”, - деди президент Садыр Жапаров.

Россиянын президенти Владимир Путин БУУнун мүмкүнчүлүктөрү толук пайдаланыла электигин белгилеп, дүйнөлүк саясаттын жана экономиканын заманбап шарттарын эске алуу менен уюмдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга чакырды.

“Уюм бир мамлекеттин же мамлекеттер тобунун кызыкчылыктарын илгерилетүүчү куралга айланбашы керек. Көп уюлдуу дүйнөнү калыптандырууда аймактык уюмдардын ролу чоң”, - деди Владимир Путин.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ШКУ өлкөлөрүнөн эл аралык суу уюмун жана Суу анализи борборун түзүүгө колдоо көрсөтүүнү суранды. Токаевдин айтымында, сууга ишенимдүү жетүү азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, социалдык туруктуулукка жана экономикалык өнүгүүгө түздөн-түз таасир этет.

"БУУнун ондогон агенттиктери суу маселелери боюнча иштеп жатышат, бирок комплекстүү мандаты бар универсалдуу өкмөттөр аралык уюм азырынча жок", - деди Касым-Жомарт Токаев.

Коңшу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери барган сайын сезилерлик болуп баратканына байланыштуу күч-аракеттердин бирдиктүү стратегиясы зарылдыгын айтты.

Ал эми Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол мейкиндиктерин интеграциялоо боюнча кеңеш түзүүнү сунуштады. Ошондой эле Мирзиёев аймактык маанидеги инвестициялык сунуштарга негизделген ШКУнун өнүктүрүү банкын ишке киргизүү зарылдыгын билдирди.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ШКУ өлкөлөрү үчүн жасалма интеллект боюнча кызматташуу борборун түзөрүн билдирди. Ошондой эле Кытай ШКУ менен биргеликте 10 миллиондогон киловатт кубаттуулуктагы жаңы күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантарын жарыялады. Глобалдык башкаруу боюнча да пикирин билдирди.

"Биздин жолугушуубуз көп полярдуу дүйнөнү калыптандыруудагы БУУнун ролун күчөтүүгө багытталган. Бул ШКУнун глобалдык башкарууну реформалоо жана жакшыртуу боюнча тарыхый миссиясына толук шайкеш келет. Күч саясатын четке каккан, чыр-чатактарды жана тирешүүнү каалабаган, обочолонууну жана артта калууну каалабаган жана өзүнүн өнүгүшү жана эл аралык кызматташуусу аркылуу дүйнөлүк аренада өзүнүн татыктуу ордун ээлөөгө умтулган глобалдык көпчүлүк", - деп билдирди Кытайдын төрагасы.

Кытай сооданы жеңилдетүү жана логистиканы өнүктүрүү үчүн Кытай Транскаспий эл аралык транспорттук жолунун натыйжалуулугун жогорулатууну колдойт жана Тяньцзинь шаарында Кытай-ШКУ порттук экономикалык кызматташтык борборун түзөт.

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсух да Монголия - Россия - Кытай экономикалык коридорун ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Ал эми Түркия "Бир алкак, бир жол" демилгеси менен биргеликте Азербайжан аркылуу Ортоңку коридорду өнүктүрүүнү көздөп жатканын аталган өлкөнүн башчысы Режеп Тайып Эрдоган маалымдады. Ал ошондой эле Түркия аймактагы чыр-чатактарды диалог жана дипломатия аркылуу чечүү үчүн жоопкерчиликти алып жатканын айтты.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнө бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүнү, санариптик документтерди колдонууну кеңейтүүнү жана логистикалык тармактардын натыйжалуулугун жогорулатууну сунуштады. Ошондой эле Нарендра Моди Жакынкы Чыгыштагы кризис ​​глобалдык энергетикалык коопсуздукка, деңиз соодасына жана глобалдык жеткирүү чынжырларына таасир этиши мүмкүндүгүн билдирди.

Бул арада Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф өз өлкөсүнүн БУУнун принциптерине берилгендигин ырастап, эл аралык чыр-чатактарды диалог аркылуу чечүүгө чакырды. Ал ошондой эле Пакистан дайыма терроризмден жапа чегип, зыянга учурап келгенин эскертип, сепаратизм жана диний экстремизм сыяктуу үч жамандыкка туруктуу каршы туруу зарылдыгын айтты.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан күчтөрдүн өзгөрүп жаткан балансынан улам БУУ өзүнүн принциптеринен баш тартпашы керектигин белгиледи. Тескерисинче, ал уюм жаңы дүйнөнүн реалдуулуктарын толук чагылдырып, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону натыйжалуу аткарышы керек. Ал эми Египеттин вице-премьер-министри Хусейн Мохамед Ахмед Иса да БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылып, БУУ системасындагы реформалардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ал эми Антониу Гутерриш дүйнө барган сайын көп уюлдуу болуп жаткандыктан уюмда учурда глобалдык реалдуулукка ылайык реформа зарылдыгын белгиледи. Ал БУУ менен ШКУ менен өнөктөштүктө коопсуздук, өнүгүүнү каржылоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш жана жасалма интеллектке басым жасалышы керектигин айтат. Ошондой эле БУУнун башкы катчысы куралдуу жаңжалдар тез арада токтошу зарылдыгын белгилеп, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринен жабыркаган коомчулуктарды жана жумушчуларды колдоо зарылдыгын кошумчалады.

Белгилүү болгондой, ШКУ саммити жана "ШКУ плюс" бир катар маанилүү маселелерди көтөрдү. Кеп алардын санында эмес, козголгон көйгөйлөрдүн реалдуу чечилип, сунуштардын ишке ашуусунда. Кыргызстан да ШКУга төрагалык учурунда уюм декларативдик эмес, практикалык иштерге өтүүсү зарыл экенин билдирип келди.

Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев ШКУ жыйындарынын экономикалык курамына өзгөчө көңүл бурду. Ал ШКУнун юбилейлик саммитиндеги саясий декларациялардан эмес, конкреттүү экономикалык чечимдерден жыйынтык күтөрүн белгиледи.

“Кыргызстан үчүн эң чоң мүмкүнчүлүк — Кытай, Россия, Индия, Иран, Борбор Азия жана башка өнөктөштөрдүн ортосундагы байланыш түйүнүнө айлануу. Айрыкча транспорттук коридорлор, логистика, энергетика, айыл чарбасын кайра иштетүү, санариптештирүү, жасалма интеллект жана "жашыл" экономика боюнча конкреттүү долбоорлор керек. Бул багыттар ШКУнун быйылкы экономикалык күн тартибинде да өзгөчө мааниге ээ.
Менин оюмча, Кыргызстан саммиттен кийин "канча келишимге кол коюлду" деп эмес, "канчасы ишке кирди" деп эсептеси керек. Мисалы, ар бир ири келишим боюнча жооптуу мамлекеттик орган, инвестор, мөөнөт, каржылоо булагы жана KPI көрсөтүлгөн ачык инвестициялардын аткарылышын көзөмөлдөөчү система түзүлсө абдан туура болот.
Дагы бир чоң мүмкүнчүлүк — ШКУнун инвестициялык долбоорлорунун бирдиктүү тизмегин түзүү. Кыргызстан өзүнүн эң мыкты 20–30 долбоорун даярдап, аларды ШКУ өлкөлөрүнүн инвесторлоруна сунуштай алса, саммит бир күндүк протоколдук иш-чара эмес, кийинки 5–10 жылдык инвестициялык платформанын башаты болуп калат.
Кыскасы, ШКУ Кыргызстанга жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып жатат. Эми ошол эшиктен кирип, капиталды, технологияны жана рынокторду Кыргызстанга алып келүү — биздин кийинки ишибиз”, - деди Кайрат Итибаев.