Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Бишкек - Ош жолунун Суусамыр тилкесинде жол куруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 35 чакырым жолго асфальт басылды. Иш ырааты менен уланып, асфальт төшөө, ага катар айрым тилкелерде жолдун негизин даярдоо иштери уланууда.
Суусамыр ɵрɵɵнүндɵ суук эрте түшɵɵрүн эске алуу менен жол тилкесинен алыс эмес жерге эки асфальт-бетон заводу орнотулган.
Белгилей кетсек, быйыл Бишкек - Ош жолунун Суусамыр тилкесиндеги 85 чакырымын оңдоодон өткөрүү мерчемделген.