Бишкек – Ош жолундагы кар көчкү тазаланып, жол ачылды

Аймак 28 январь 2026 15:45
Бишкек – Ош  жолундагы кар көчкү тазаланып, жол ачылды
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкү тазаланып, жол эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-январда саат 12:20да Бишкек – Ош унаа жолунун 247+500 чакырымына узундугу болжол менен 50 метр бийиктиги 2 метр болгон кар кɵчкү түшкөн.