Бишкек-Ош жолунда унаа аласалып, эки адам каза тапты

Кырсык Загрузка... 14 Март 2025 19:00
copyright icon www

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунда аласалып кеткен унаа күйүп, эки адам каза тапты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кырсык бүгүн болжол менен саат 15:50 чамасында болгон. Анда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа Бишкек-Ош жолунун 303-чакырымында бара жатып, жолдун сол жак тарабына аласалып кеткен.

Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулга ээ боло албай калган.

Жол кырсыгынын натыйжасында унаа толугу күйүп, айдоочу менен жүргүнчү көз жумган.

Учурда окуя болгон жерде жол тескөөчүлөрү жана тийиштүү кызматтар иш алып барып жатканы айтылды.