Бишкек — Ош жолунда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери аяктап, жол ачылды

Коом 13 март 2025 14:07
Бишкек — Ош жолунда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери аяктап, жол ачылды
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Бишкек — Ош унаа жолунун 132, 133, 135-чакырымында кар көчкүлөрдү артиллериялык эсепти колдонуу менен атып түшүрүү иштери аяктап, саат 13:33дө каттам жанданды.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, мажбурлап түшүрүлгөн кар көчкүлөр унаа жолго жеткен жок.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган иш-чараларга байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилип, саат 12:10дон тарта жол убактылуу жабылган болчу.