Бишкек – Ош жолунда 12,2 миң куб метр кар көчкү атайылап түшүрүлдү

Аймак Загрузка... 05 Февраль 2026 10:52
481141652_1034665438706182_4921658461458757801_n.jpg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 05.01.26. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун Өтмөк тилкесинде жана Ала-Бел ашуусунда кар көчкүлөрү мажбурлап түшүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бул иш-чара адам өмүрүнүн коопсуздугун сактоо үчүн уюштурулуп, ага ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби катышты.

Натыйжада унаа жолдун 198-чакырымында 12 250 куб метр кар көчкүсү түшүрүлүп, №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан толук тазаланды.

Ал эми Бишкек – Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусунун белгиленген тилкелеринде 5-февраль күнү улантылмакчы.

Кошумча маалымат берилет.