Бишкек – Ош жана Таш-Көмүр – Кербен унаа жолдорунда сел жүрдү

Аймак Загрузка... 22 Май 2026 19:00
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бүгүн саат 17:30дар чамасында катуу жааган жамгырдан улам Бишкек – Ош жана Таш-Көмүр – Кербен жолдорунда сел жүрдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун 432-чакырымында (Разан-Сай) селден улам жолго кум-шагылдар түшүп, унаалардын өтүшүнө тоскоолдук жаралган.

Жолду кум-шагылдан тазалоо үчүн Таш-Көмүр шаарынан атайын техника тартылган.

Мындан сырткары, Аксы районунун Жерге-Тал тилкесинде дагы сел жүрүп, натыйжада Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука унаа жолун сел суулары каптаган.

Суу сел өткөрүүчү шакекчеге батпай, жолдун бир тарабындагы шакекчени агызып кеткен. Учурда унаа жолу бир тараптуу ачык.

Окуя болгон жерге Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам топ жана атайын техникалар тартылып, калыбына келтирүү жана тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.