Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери аяктады

Коом 1071 27 Январь 2025 09:05
475317529_1012162007623192_6115965123912953780_n.jpg
475217579_1012092527630140_7286214669299854555_n.jpg
Алдыга
Артка
475317529_1012162007623192_6115965123912953780_n.jpg
475217579_1012092527630140_7286214669299854555_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери аяктады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ, 26-январь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда ӨКМдин ыкчам тобу жана артиллериялык эсеби кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иш-чараларын Бишкек-Ош унаа жолунун 222-223-чакырымында жүргүздү.

Натыйжада жалпысынан көлөмү 143305 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен эмес.

Белгилей кетсек, бул жолку Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иштери жыйынтыкталды.