Бишкек – Ош унаа жолуна түшкөн таштар тазаланды

Аймак 368 11 Май 2026 17:00
696104897_18052243985733957_745642195546594300_n.jpg
687750491_18052243976733957_7816884595228356548_n.jpg
692510858_18052243994733957_1986296895490482061_n.jpg
Алдыга
Артка
696104897_18052243985733957_745642195546594300_n.jpg
687750491_18052243976733957_7816884595228356548_n.jpg
692510858_18052243994733957_1986296895490482061_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргызавтожол" МИ

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. 10-майда жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек – Ош унаа жолунун 80-124-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда түшкөн таштарды тазалоо жана жолду коопсуз абалда кармоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлдү.

Иштер “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды. Азыркы тапта бардык унаалар үчүн каттам ачык.

"Тоолуу аймактарда жол жүрүүдө этият болуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.