Бишкек, 03.08.26 /Кабар/. Бишкектен Ошко чейин 6–8 саатта жете турган ылдам поезд каттамын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул демилге өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жол долбоорунун алкагында каралууда.
“Бул долбоор Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн темир жол аркылуу байланыштырган өтө маанилүү багыт болуп саналат. Учурда өлкөдө Тоо-Ашуу аркылуу өткөн автожол жана жаңы курулуп бүткөн түндүк-түштүк альтернативдүү жолу бар. Бирок, бул каттамдар практикада жогорку жүктөм менен иштеп жатат. Темир жол курулса, жүктөрдүн негизги бөлүгү темир жол аркылуу ташылат. Бул биринчиден, логистикалык чыгымдарды азайтат, экинчиден автожолдордогу жүктү жеңилдетет. Үчүнчүдөн, коопсуздукту камсыздайт”, — деп кошумчалады ал.
Мындан тышкары, долбоордо жүк ташуулар менен катар жүргүнчү ташуу да сөзсүз каралары айтылды.
“Биз келечекте Бишкектен Ошко поезд менен 6–8 саатта жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүүнү көздөп жатабыз. Бул багыт ылдам жүрүүчү поезд катары каралат. Бардыгы техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыгына жараша болот”, — деди Сакиев.
Ал белгилегендей, аталган темир жол долбоору өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүп, аймактар аралык байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.