Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун боюна 1000 түп көчөт отургузулду

Аймак Загрузка... 18 Ноябрь 2025 10:25
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 86-чакырымындагы айланма жолдун жээгине 1000 даана карабак көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Көчөт отургузуу иштери Суу ресурстары кызматынын Чүй облусундагы түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан аткарылды.

Иш-чара президент Садыр Жапаров демилгелеген "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү жакшыртуу максатында уюштурулду.

"Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө, абанын сапатын жакшыртууга жана келечек муундар үчүн дени сак экосистеманы түзүүгө багытталган. Бак-дарактарды жана көчөттөрдү отургузуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө маанилүү роль ойнойт. Бул жакырчылыкты жоюуга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана экосистеманы коргоого салым кошот. Жашылдандыруу долбоорлору жаратылышка жардам берүү менен бирге, экономикалык өсүшкө жана социалдык туруктуулукка дагы оң таасирин тийгизет.