Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы кар көчкү тазаланып, жол ачылды

Аймак 05 Март 2026 15:33
645754374_18043240397733957_6927280564285752235_n.jpg
645844830_18043240415733957_9020793146449010600_n.jpg
645953860_18043240388733957_8005346241909267306_n.jpg
645987982_18043240406733957_9091700415707002322_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 297-305-чакырым аралыгына түшкөн кар көчкү тазаланып, учурда жол ачылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта аталган тилкеде унаалар үчүн эки тараптуу каттам камсыздалды.

"Бирок, аталган жол тилкесинде кар көчкү түшүү коркунучу дагы деле сакталууда. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралган учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан керектүү атайын техникалар жана жолчулар даяр турат", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик жол кыймылынын катышуучуларынан сак болууну жана жол коопсуздугунун эрежелерин так сактоону өтүнөт.