Бишкек, 05.03.26 /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 304-чакырымындагы Кара-Үңкүр участкасында кар көчкү түштү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жол убактылуу жабылды.
Жол тейлөө ишканалары тарабынан ыкчам түрдө керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жолдун абалы тууралуу кошумча маалымат берилет.