Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы эскирген жол белгилери жаңыланат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун министр Талантбек Солтобаев Чүй жана Нарын облустарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун абалын текшерди.
Текшерүүдө айрым жол белгилери жараксыз абалга келгени аныкталып, министр тиешелүү кызматтарга жол белгилерин тез арада алмаштыруу боюнча тапшырма берди.
Жол коопсуздугун камсыздоо максатында бардык тилкелерде кошумча текшерүү жүргүзүлүп, эскирген, жараксыз абалган келген белгилер жаңыланат.